Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мас абалындагы айдоочуларды жаап-жашырганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тагыраагы укук бузууларды системалуу түрдө жашыруу жана мас абалында транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды жоопкерчиликке тартпоо; укук бузуулар жөнүндө материалдары чубалжытуу; салынган айыптарды мамлекеттин казынасына кайтарып алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөө жана башка көп кемчиликтер орун алган.
"Мисалы, айдоочу Т.М. Ауди-100 үлгүсүндөгү унаада мас абалында жол кырсыгына кабылган. Бирок Чүй облусунун Ысык-Ата райондук коопсуздук кызматкерлери жол кырсыгынан 4 ай өткөндөн кийин жол эрежесин бузуу фактысы боюнча расмий түрдө протокол түзүшкөн, ал эми мас абалында жасалган мыйзам бузуу материалы жашырылып, Укук бузуулардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген эмес.
Ушундай эле жашыруу фактысы Хонда Фит унаасынын айдоочусу Н.К.га карата жасалышы аныкталган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Жогорудагы фактылар боюнча прокуратура тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдарынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштери козголуп, алардын иликтөөсү Чүй облусунун прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө тапшырылган.
Ошол эле учурда Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлер практика борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан медициналык кароолордун каттоо журналында баштапкы жазууну өзгөртүү жолу менен адамдын алкоголдук мас абалындагы медициналык кароонун жыйынтыгын алмаштыруу жана жашыруу фактысы аныкталган.
Жогорудагы көрсөтүлгөн жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды, аларды жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилген.