Бишкекте ири суммада алдамчылыкка айыпталгандар кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ж.Ж. аттуу адам кайрылып, Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасын сатып берем деп алып кеткен бойдон из жашырып кеткен адамдарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Муну менен ал 180 миң сом зыян тартканын айткан.
Бул окуя боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, издөө иштери башталган. Анын алкагында шектүү катары 29 жаштагы С.К. аттуу адам кармалган.
Милиция кызматкерлери бул адамдан жабыркагандар болсо, Свердлов РИИБине кайрылууну өтүнөт.