Майлуу-Сууда эркек киши сууга боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында бүгүн, 11-апрелде эртең менен болгон. Анда ӨКМнын куткаруучуларына саат 9:55 чамасында 58 жаштагы С.С. аттуу жаран өзүн сууга таштады деген маалымат түшкөн.
Ал жерге куткаруучулар тартылып, саат 11:35те сууга боюн таштаган кишинин жансыз денеси табылган.