Бишкекте республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайында 25-27-декабрь аралыгында эркин күрөш боюнча жаштар арасында Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр 12 салмак категориясында катышышат.