Бүгүн, 11-апрелде Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Өзбекстан Ооганстан курама командасы менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Өзбекстан курама командасы "В" тайпасында 6 упай топтоп, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо утту.
Бул тайпада экинчи жолдомону кайсы команда утаары эртең, 12-апрелде белгилүү болот. Экинчи жолдомо үчүн башкы талапкерлер Тажикстан менен Ооганстан.
Ал эми Кыргыз курамасы "А" тайпасында азырынча 0 упайы менен үчүнчү орунда.
Белгилей кетсек, бул тандоо туру өлкө тарыхында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2022-жылдын 25-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтөт.