Бишкекте сатуучу жигит товар ээсине 150 миң сом зыян келтирди деген айып менен кармалды

Бишкектеги соода-сатык кылуучу жайлардын биринде жашыруун уурулук кылып, 150 миң сом өлчөмүндө зыян келтирди делинген шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Мындан бир канча күн мурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Х.Х аттуу аял арыз менен кайрылган. Арыз ээси кол алдында сатуучу болуп иштеген А. аттуу жигит соода-сатык жайында жашыруун уурулук кылганын, анын натыйжасында 150 миң сом өлчөмүндө зыянга учураганын билдирген. Аталган факты 205-беренеге (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кармалганы кабарланды. Учурда ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, иликтөө иштери уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан