Бишкекте аялдын 25 миң сом акчасын уурдаганга шектелип, 32 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте аялдын сумкасы менен бирге ири суммадагы акча каражатын уурдоого шектелип, 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда шаар тургуну А.К аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси 23-март күнү түшкү саат 13:00 чамасында борбор калаадагы базарлардын биринде ичинде 25 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бар сумкасы уурдалганын жазган. Аталган факты боюнча 205-беренеге (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Райондук милициянын ыкчам териштирүү иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Б.А аттуу жаран кармалганы маалым болду. Учура шектүү тергөө жайына киргизилип, иликтөө иштери улантылып жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан