Биз социалдык тармакта

Чүйдө 30 жаштагы кишини бычактаганга шектүү кармалды

Чүйдүн Жайыл районунда 30 жаштагы киши бычакталып, ооруканага түштү. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кылмышка шектүү кармалды.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 8-апрелде милицияга аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 1992-жылы туулган А.А. аттуу жаран бычактан жаракат алгандыгы маалымдалган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 130-берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган С.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Окуя ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан