Чүй облусунун Кемин районунда 53 жаштагы аял уурулукка шектелип кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү райондук милиция бөлүмүнө 1969-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 12:00 чамасында белгисиз аял дүкөнүнөн кийим-кече уурдап кеткенин билдирген.
"Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.Э. аттуу аял кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылууда", - дешти милициядан.