Бишкекте алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча каражатын алган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча каражатын алууга шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурун М.А. аттуу шаар тургуну Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда белгиленгендей арыз ээсинин алыскы тааныштарынын бири борбор калаадагы соода боборлорунун биринен унаа токтотуучу жай алып берем деген жүйө менен 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Андан соң берген убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнө (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Райондук милициянын ыкчам иликтөө иш-аракетинин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1996-жылы туулган жаран кармалганы кабарланды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланып жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан