Кыргызстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү алтын жана акча каражатын алып өтүү фактысына бөгөт коюлду. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жарандар тиешелүү документтери жок зер буюмдарды "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алып өтүүгө аракет кылышкан.
Маалым болгондой, 10-апрелде чек арачылар өткөрүү пунктунан Мерседес-Бенц Спринтер унааларын токтотушкан.
"Унааларды текшерүү учурунда чек арачылар скотч менен оролгон картон кутуларды жана баштыктарды табышкан. Табылган заттар эмне деген суроого айдоочулар жооп бере албай кыйналышкан. Чек арачылар баштыктарды, кутуларды ачууда тиешелүү документтери жок алтын буюмдарды (шакек, сөйкө, чынжыр, кулон жана билерик менен чынжыр) табышты. Андан тышкары 6 миллион 500 миң рубль алынды.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар, алтын буюмдар жана акчалар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлдү", - дешет мекемеден.