Чүйдө мурда соттолгон жарандар турак үйлөрдөн баалуу буюмдарды уурдап жүрүшкөн

Чүй облусунун Аламүдүн районунда бир нече уурулук фактысына шектүүлөр кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, кармалгандар турак үйлөргө терезе аркылуу кирип баалуу буюмдарды уурдап жүрүшкөн.

Буга чейин Аламүдүн РИИБине жергиликтүү жашоочулардан арыздар түшкөн. Анда белгисиз адамдар үйлөргө терезе аркылуу киришип, сейфтерди ачып, курал-жарктарды, алтын буюмдарды, акча каражаттарын, фотоаппарат, шуба, ноутбук жана домофон аппараттарын уурдап кеткендигин билдиришкен.

Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Жогорудагы кылмышка шектелип мурда бир нече ирет соттолгон 1992-жылы туулган Ч.Б., жана О.М. кармалып камакка алынды. Андан сырткары кармалган жарандар Сокулук аймагында да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалыматтар текшерилүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан