АКШнын көркөм муз тебүү боюнча 2 жолку чемпиону, 2022-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Алиса Лю 16 жашында карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады. Ал бул тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыккан.
"Мен көркөм муз тебүүдөн кетип жатканымды билдиргим келет. Мен 5 жашымда коньки тээп баштагам, 11 жылдай муз үстүндө өткөрдүм. Бул убакыт аралыгында жакшысы да, жаманы да көп болду. Мен көптөгөн досторду таптым жана өмүрүмдүн аягына чейин эстеп кала турган көптөгөн жакшы нерселер болду.
Чынын айтсам, мынчалык жетишем деп ойлогон эмесмин. Мен абдан бактылуумун. Коньки тебүү боюнча карьерам ушундай аяктаганына абдан кубанычтамын. Эми бош убактымды үй-бүлөм жана досторум менен өткөрөм, дагы да болсо билим алам. Бирок көркөм муз тебүү мага жашоодо мен күткөндөн да көп нерсени үйрөттү", - деп жазып калтырган.