Бүгүн маанилүү беттеш. "Ак шумкарлар" Иранды жеңсе эмне болот? Жеңилсечи? (талдоо)

Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири Иран менен кез келет.

Азия Кубогуна чыгууда Кыргыз курамасында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

"Ак шумкарлар" Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн бүгүн Иранды сөзсүз түрдө жеңиши керек. Иранда Португалиянын "Бенфика" клубун кошкондо Европанын алдынкы клубдарында ойногон футзалчылар бар.

Кыргызстан-Мальдив аралдары беттеши

Дагы бир вариант тайпабыздагы негизги атаандаш болгон Түркмөнстан бүгүнкү беттешинде Мальдив аралдарына жеңилиши керек. Ошондо гана Кыргызстан, Мальдив жана Түркмөнстан 3төн упайга ээ болот. Анда голдорду саноо керек болот. Түркмөнстандын Мальдив аралдарына жеңилиши күмөн.

Кечээ, 11-апрелде Иран Түркмөнстанды 3:0 эсебинде жеңсе, Кыргызстан Мальдив аралдарын 7:1 эсебинде жеңди. Муну менен Иран мөөнөтүнөн мурда Азия Кубогуна жолдомо утту.

Иран-Түркмөнстан беттеши

Түркмөнстан менен Малдьдив аралдарынын беттеши саат 17:00дө башталса, Иран-Кыргызстан беттеши саат 20:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан