Чүйдө 9 миң сом уурдаган деп айыпталып 40 жаштагы адам камакка алынды

Чүй районунда уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү Чүй РИИБине 1994-жылы туулган К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үйүнөн 9 миң сомун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган К.В. аттуу жаран кармалып тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан