Баткенде мал уурулар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери “Мал ууру” аттуу рейд өткөрүшкөн. Анын алкагында мал уурулук фактысынын бети ачылган.
1-апрелден 2-апрелге караган түнү Майдан айылында тургундун мал сарайынан өгүзүн уурдап кетишкен. Иликтөө ишинин жүрүшүндө, Какыр айылынын 19 жаштагы А.А. жана 25 жаштагы С.А. аттуу тургундары бул уурулукту жасагандыгы аныкталып кармалган.
Уурдалган мал өз ээсине кайтарып берилген.