Биз социалдык тармакта

Тарых музейинин иштөө убактысы узартылды

Кыргыз улуттук тарых музейи жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, мындай график өлкөгө келип жаткан туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн түзүлгөн.
Графикке ылайык:
Кыргыз улуттук тарых музейи күнүгө саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00гө чейин, калган күндөрү саат 11:00дөн 19:00гө чейин иш алып барат.
Ал эми буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү күн дем алыш катары сакталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан