Салык кызматы акциздик маркаларсыз 2 миң таңгактан ашык тамекини тартып алды

Салык кызматынан акциздик маркаларсыз 2 миң таңгактан ашык тамеки тартып алынганын кабарлашты.

Ага ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын акциздик маркасыз мыйзамсыз сатууну аныкташкан. Анда Бишкек шаарында чет өлкөдө өндүрүлгөн акциздик маркасыз 1500 таңгак, Ош облусунун Өзгөн районунда 836 таңгак тамекини сатуу фактысы аныкталган.

Ишкерлерде сатылып жаткан продукцияга карата уруксат берүүчү бардык документтери (шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эсеп-фактура жана башка) жок болгон.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миң 336 таңгак тамеки тартып алынды.

Ал эми ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан