Өзгөндө сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылындагы эки кабаттуу сарайдан өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен сарайдын 4 чарчы метр шыбы жана 50 боо чөп күйгөн.
Өрт толугу менен күндүзгү саат 12:27де өчүрүлгөн.