Президенттин "2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын долбоорун колдоодо “Альянс-Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фондунун каржылоосунда долбоорлор ишке ашууда.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Нарбековдун Орусия Федерациясынын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Үр-Марал өзөнүндөгү, антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында Алтай Республикасынан 35 баш марал алып келинип, корукка коё берилет.