Ош шаарында 58 жаштагы адам аялын бычактап салды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 7-апрель күнү Ош шаарынын М.Калинин конушунун 58 жаштагы тургуну (аял киши) денесинин төрт жеринен бычакталып, оор абалда саат 10:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө коӊшулары тарабынан жеткирилген. Ак халатчандардын жана коӊшуларынын ыкчам аракетинин натыйжасында анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБинин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
"Бул кылмышка шектүү катары жабырлануучу аялдын жолдошу, 1959-жылы туулган С.Х. кармалды. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2022-жылдын 7-апрель күнү 1959-жылы туулган С.Х. өз үйүнүн короосунда аялын өлтүрүү максатында алдын ала даярдаган ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир нече ирет сайгылап жаткан учурда, ызы-чууну угуп жетип келишкен коӊшулары тарабынан тараптар ажыратылган. Жабырлануучуну кошуналары Ош облустук ооруканага жеткиришкен. Жубайлардын ортосундагы чыр пикир келишпестиктен улам келип чыккан", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Шектүү С.Х. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-апрель күнү Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоого санкция берилди. Учурда Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.