Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча тергөө иш амалдары уланууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аталган кылмыш иши боюнча учурда тиешелүү бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми кылмыштын чоо-жайы жана шектүү тууралуу толук маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет", - дешти мекемеден.
Буга чейин Түп районундагы Күрмөнтү айылында жашы жете элек кыздын белгисиз жаран тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат жарыяланган. Жабырлануучу 2005-жылы туулган жана 2-топтогу майып экендиги аныкталган.