Чүй облусунун Токмок шаарында алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, шектүүнүн үстүнөн 3 факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, 41 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы ар кандай шылтоолорду айтып, ишенимге кирип акча каражатын алып кайтарып бербей жатканын айткан. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1958-жылы туулган У.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүүдө. Эгерде сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну өтүнөбүз", - дешет милициядан.
Байланыш номерлери: 0312 60 73 63, 03138 6-37-02.