Балыкчы шаарында 6-мартта жаңы төрөлгөн наристенин жансыз денеси ураган эски имараттан табылган. Аны желим баштыкка ороп, урандынын арасына ыргытып кетишкен. Бул окуя боюнча иликтөө ишинин жүрүшү тууралуу сурап Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
“Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Баланын болжолдуу апасы болуусу мүмкүн болгон аялдардын баары текшерилүүдө”, - деп билдиришти ОИИБден.