Металл уурдап жатканы видеого түшүп калган. Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды

Бишкекте металл уурдоого шектүүлөр аныкталды. Буга чейин, тагыраагы, 5-мартта алардын көчөдөгү металлдарды уурдап бара жаткан видеосу тараган дешет Ленин РИИБинен.

Маалым болгондой, металл уурдоо фактысы боюнча 205-берене менен сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдү колго түшүрүштү. Алар 1987-жылы туулган Ш.С. жана 1985-жылы туулган С.Ш. экени белгилүү болду. Ленин райондук соту шектүүлөрдү үй камагына алган.

Учурда тергөө амалдары улантылып, жогорудагы жарандардын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар, жогун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан