Чүйдө 17 баш бээни уурдаганга шектүүлөр Казакстандан кармалды

Чүйдүн Кемин районунда 17 баш бээ уурдалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүүлөр Казакстандан кармалды.

Башкармалыктан билдиришкендей, 2021-жылы октябрда Т.Н. аттуу жаран милиция кайрылган. Ал Боролдой айылындагы Коңур жайытында 17 баш бээси белгисиз жагдайда уурдалганын билдирген. Андан тышкары 2-ноябрда Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган тургуну милицияга арызданган. Анда Боролдой айылындагы Кара-Баткак жайытында 22 бээси, 15 тайы жоголуп кеткенин билдирген.

Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ушул жылы Казакстандан билдирүү түшүп, милиция кызматкерлери коңшу өлкөгө жөнөп кетишкен. Алар Жамбыл районунун полиция кызматкерлери менен биргеликте бээлерди уурдаган жарандар 1952-жылы туулган Б.К., 1996-жылы туулган Б.Б., 1987-жылы туулган У.Э. жана 1978-жылы туулган А.Е. экенин аныкташты. Аталган жарандар бээлерди сатып жибергендиги такталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам териштирүү иштеринин алкагында 6 баш бээ табылды. Учурда коңшу республиканын полиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан