Бишкекте ашканадан 41 жаштагы жаранга бычак сайып качып кеткен жаран кармалды

Бишкекте ашканалардын биринде 41 жаштагы жаранды бычактап, ден соолукка оор залал келтиргенге шектүү кармалды. Бул туурасында Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2021-жылы 17-сентябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда борбор калаадагы ашканалардын биринде эки жарандын ортосунда пикир келишпестик орун алганы, бири экинчисине бычак сайып, качып кеткени маалымдалган. Жабырлануучу 1981-жылы туулган И.К. болгон.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган. Кийин соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогорудагы берене "ден соолукка оор залал келтирүү" беренесине алмаштырылып, иш козголгон.

Териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан