"Беш тапан" куудулдар тобунун мүчөсү, куудул Союзбек Сейитказиев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришет.
Союзбек Сейитказиев маданият жана искусство тармагынын сатира жанрына кошкон салымынын негизинде сыйланды.
"Сыйлоонун жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов Союзбек Сейитказиев менен баарлашып, алдыда жасала турган иштер жана пландар менен ой бөлүштү.
Мындан сырткары Азамат Жаманкулов куудулдун чыгармачылыгына ийгилик каалап, коомдук турмуштагы жат көрүнүштөрдү, адамдардын иш аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, сындаган чыгармалардын калыптанышы жана сатира жанрынын өнүгүшүнө бар аракетин көрөрүн билдирди", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, Союзбек Сейитказиевди чыгармачыл чөйрөдө Соке деп аташат. Ал 2019-жылы Сокеден сонун концерт" аталышындагы тушоо кесүү концертин өткөргөн.