Чемпиондор Лигасы: "Челси" "Реалга" үч гол киргизгенине карабай жарым финалга өтпөй калды (видео)

Бүгүн, 13-апрелге караган түнү Мадридде Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук оюнунда "Челси" "Реал Мадрид" клубун 2:3 эсебинде утуп алды.

0-3 эсебинде утулуп жаткан "Реал Мадрид" алгач 80-мүнөттө Родригонун голунун аркасында айырманы кыскартты. Кошумча убакытта жеңиш голун чабуулчу Карим Бензема киргизди.

Эскерте кетсек, "Реал" биринчи беттешинде "Челсини" 3:1 эсебинде жеңген. Эки беттештин жыйынтыгында, мадриддиктер 5:4 эсебинде жеңишке жетип, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына жолдомо алды.

"Реал Мадрид" - "Челси" (2:3);

Голдор: Мейсон Маунт (15-м), Антонио Рюдигер (51-м), Тимо Вернер (75-м), Родриго (80-м), Карим Бензема (96-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан