Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда эки адам жаракат алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда эки адам жаракат алып, ооруканага түшкөн. Алардын бири аскер кызматкери, бири жөнөкөй жаран.
Аскер кызматкерине хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орточо оор деп бааланууда.
Экинчи жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.