Ишкер Тимур Файзиев Ысык-Көлгө курула турган “Асман” долбоорунун жетекчиси кызматынан алынды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына "Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, Файзиевдин ордуна долбоордун автору Руслан Акматалиев жетекчи болуп дайындалган.
"Долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн түндүк жагында этношаарчалар болот, Каракол жакта лыжа базалары болот, дарылык касиети бар булактар, дары баткактуу жерлер бар, ал жактарга да шаарчаларды курабыз. Балыкчынын жанына спорт шаарчасын курабыз”, - деди Акматалиев SUPER.KG порталына.
Ошондой эле Акматалиев Франциядан атайын инвесторлор келгенин, алар менен чогуу азыр Ысык-Көлдө жүргөнүн айтты.
"Аларга биз азыр жерлерди көргөзүп жүрөбүз. Инвесторлор кечээ президент менен жолугушкан. Эми өзүбүздүн колубузга келди. Көп сөз айта бербей ишке өтөлү", - деди Акматалиев.
Январь айында "Асман" шаарын курууну Тимур Файзиев жетектей турганы кабарланган. 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда Тимур Файзиев 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштаганын билдирген.