Бишкектин Биринчи Май райондук ИИБи ыкчам иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында 21-ноябрда катталган талап-тоноо фактысынын бетин ачты. Белгилүү болгондой 21-ноябрь күнү саат 06:20 чамасында 25-30 жаштардагы 4 белгисиз жаран шаардын Лев Толстой - Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Касым" аттуу дүкөндүн ээсин тоноп кетишкен. Баштарына медицианалык чүмбөт тагынган бул төртөө дүкөн ээси К.К. атуу жаранды курал менен коркутуп 3250 сом акчасын жана өздүк буюмдарын тартып алышкан. Милиция кызматкерлеринин аракети менен бул кылмышка шектүү катары Талас облусунун 6 жараны кармалды. Алардын жанынан ок атуучу курал жана медициналык 5 чүмбөт алынган. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.