Лейлекте камакка алынган мурдагы айыл өкмөттөр абактан чыкты

Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын камакка алынган мурдагы башчылары үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаңы-Жер айыл аймагынын Бостон айылынын башчысы Сулайман Эргешев билдирди.
“Бүгүн, 13-апрелде Баткен облустук сотунда Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгы менен сот аларды үй камагына чыгарды”, - деди Сулайманов.

Эскерте кетсек, март айынын орто ченинде иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков «Баткендин Березовскийлери» жана “Баткенди байырлаган “бардак” аталыштагы видео материал жарыялаган. Анда Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын мурдагы жетекчилери Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев Жаңы-Жерде жер тилкелери мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү тууралуу айткан. Видеодо Жаңы-Жерди 2005-жылдары жетектеген Турабай Бостонов жерлерди жана имараттарды өзүнө жана жакындарына мыйзамсыз каттап алганы айтылган.

Бир нече күндөн кийин Башкы прокуратура Исаковдун сюжетинин негизинде текшерүү жүрүп жатканын кабарлаган. Көп узабай Жалилов менен Эгембердиев жана айыл өкмөттүн учурдагы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы кабарланган.

Кийин Акжол Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Жалилов менен Эгембердиев абакта калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан