Бишкекте дубалы жанындагы жер тамды басып калган имараттын прорабдары үй камагына чыкты

Бишкек шаарында дубалы урап, жанындагы жер тамды басып калган бүтө элек имараттын камакка алынган эки прорабы үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калган окуя боюнча камакка алынган 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылкы Ж.М. аттуу адамдардын баш коргоо чарасы кечээ, 12-апрелде Ленин райондук сотунда каралган. Анын жыйынтыгында сот аларды үй камагына чыгаруу өкүмүн чыгарган.

Буга чейин Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калганы маалымдалган. Имаратты куруп жаткан "KG Восток Сервис" курулуш компаниясы Жогорку Кеңештин дупутаты Жусупбек Коргонбай уулуна тиешелүү экендигин жергиликтүү тургундар айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан