Свердлов РИИБинен “президент менен түз байланышым бар” деп тургунга "Сары-Өзөндөн" жер тилке убада кылып, 44 миң долларын алдап алган деп кармалган адамдын баш коргоо чарасы каралганын кабарлады.
Сот аны тергөө иштери бүткөнго чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.
Буга чейин чала тааныш адамга президент менен түз байланышы бар экенин айтып, "Сары-Өзөн" базарынан жер тилке убада кылып, 44 миң долларын алып качып жүргөн деп А.А. аттуу адам кармалганы кабарланган.
Көп узабай анын абакта жаткан активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков экени белгилүү болгон.