Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны жалпы 6га жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, эки бейтап амбулатордук дарыланууда.
Акыркы саатка алынган маалымат боюнча, Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборуна дагы үч жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылышкан.
Учурда Лейлек райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт жабырлануучу тиешелүү медициналык жардам алууда.
1. 1999-жылы туулган Э.М. (аскер кызматчы). Диагнозу: сандын ортоңку үчтөн бир бөлүгүнүн жана тамандын октун учкундарынан алган жарааты (бөтөн нерсе - ок). Абалы орточо оор;
2. 1992-жылы туулган О.З. Диагнозу: оң жак тизенин ылдыйкы бөлүгү октун учкундарынан жаракат алган (бөтөн нерсе - ок). Абалы орточо оор;
3. 2002-жылы туулган Т.А. (аскер кызматчы). Диагнозу: сол жак тизе булчуңунун чоюлушу, ооруксунуу. Абалы канааттандырарлык;
4. 1972-жылы туулган Б.Т. Диагнозу: оң жак жамбаш бөлүгү ок учкундарынан жараат алган. Абалы канааттандырарлык.
"Бардыгы болуп 6 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган, алардын экөө алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.
Бардык бейтаптар тиешелүү дарыланууну алышууда. Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборунда дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар. Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Мындан тышкары оорукананын адистери эвакуацияланган тургундарга, негизинен аялдар менен балдарга кеп-кеңештерин берип, медициналык жардам көрсөтүүдө. Учурда 150гө жакын адам текшерүүдөн өттү", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 12-апрелде Лейлек районундагы Селкан участкасында тажик чек арачылары чек аранын шарттуу сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен. Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскерлер жаракат алышкан.
Кийинчерээк тажиктер экинчи ирет ок чыгарып, Достук айылын миномёт менен атып баштаган. Саат 22:15те Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун, бирок кырдаал курчуганы белгилүү болгон.
Саат 22:50дөн 23:16га чейин Тажикстан миномётту атууну токтоткону менен Баткен районундагы Радар-1 участогунда тажик тарап Кыргыз аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылаган. Ошондой эле окуя болгон жерге тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы кабарланган.