Чек арадагы куралдуу чырдан жабыркаган бейтаптардын кечкиге карата абалы. Бирөө ооруканадан чыкты

Буга чейин Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу чырдан 6 адам жабыркаганы белгилүү болгон. Бүгүн саат 21:00гө карата Лейлек райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунда 3 бейтап дарылануусун улантууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бир бейтаптын абалы канааттандырарлык делинип амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

"Учурда райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө 3 бейтап калууда. Алар: 1999-жылы туулган аскер кызматкери, абалы орточо оор; 1992-жылы туулган жаран, абалы орточо оор жана 1972-жылы туулган жаран, абалы канааттандырарлык. Аталган ооруканада дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда. Медицина кызматкерлери кызуу иштеп жатышат", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 12-апрелде Лейлек районундагы Селкан участкасында тажик чек арачылары чек аранын шарттуу сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен. Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскерлер жаракат алышкан.

Кийинчерээк тажиктер экинчи ирет ок чыгарып, Достук айылын миномёт менен атып баштаган. Саат 22:15те Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун, бирок кырдаал курчуганы белгилүү болгон.

Саат 22:50дөн 23:16га чейин Тажикстан миномётту атууну токтоткону менен Баткен районундагы Радар-1 участогунда тажик тарап Кыргыз аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылаган. Ошондой эле окуя болгон жерге тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан