Шоумен Манас Алыкулов жакында Германияга барып, эстрада ырчылары Мерген Турган, Нурмат Садыров менен биргеликте концерт коюп келди. Манас мырза SUPER.KG порталына чыгармачылыгы, учурда Германияда жашап жаткан ырчы Мерген Турган тууралуу айтып, кызыктуу маек куруп берди.
"Быйыл концерт берем деп даярданып жатам. Ал арада биз Германияга атайын кыргыз туугандарга концерт берүү үчүн барып келдик. Ал жакка Кыргыз өлкөсүнөн Нурмат Садыров экөөбүз, ал эми Германиядан Мерген Турган агабыз дагы кошулду. Мерген Турган агабыз капа болгондой, "мен Кыргызстанда бааланбай калдым, мени эч ким эч жакка чакырбай калды" деди. Агабыздын "бааланбай калдым" деген капачылыгын байкадым", - дейт Алыкулов.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.