"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жаратып, калкыбызга белгилүү болгон актриса Мээрим Касаболотова жана анын уулу Нуртилек менен маектештик.
"Эң алгач тушоом "Айыл өкмөтү" тасмасынан кесилген. Андан кийин эле "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" сериалдарына тартылдым, азыркы убакка чейин мени Керез деп тааныгандар бар. Мына азыркы учурда театрыбыз жаңы ачылгандыгына байланыштуу жумушумду аябай сагыныптырмын. Мен спектаклда ойногон күндөрү балдарымды театрга алып барып турам. Бир күнү үйдө конокторубуз бар эле анан эле уулум Нуртилек "Апамдын театрда дагы күйөөсү бар экен" деп айтканда аябай күлдүм, бир четинен ойлондум. Себеби балдар кандай көрсө ошол нерсесин чындык деп ойлоп калат экен", - дейт Мээрим Касаболотова.
Кызыктуу маекти толугу менен видеодон көрүңүз.