2022-жылдын 19-26-июнь күндөрү Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Күрөш федерациясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 13-апрель күнү Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун уюштуруучусу Кыргызстандын Күрөш федерациясы экенин тастыктаган расмий кат жөнөткөн.
Азия чемпиондугун Бишкекте өткөрүү чечимин Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев жана UWW-Asia уюмунун президенти Даулет Турлыханов кабыл алышкан.
Азия чемпиондугу Бишкектеги "Bishkek Arena-муз аянтчасында" өтөт.