Бүгүн, 14-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын кезектеги жооптук оюндары болуп өттү.
Биринчи беттеште "Ливерпуль" клубу өз үйүндө португалиялык "Бенфиканы" кабыл алып, 3:3 эсебинде тең чыкты. Лиссабондо өткөн беттеш 3:1 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган. Жыйынтыгында жалпы эсеп 6:4 болуп, англиялык команда жарым финалга жолдомо алды.
Экинчи беттеште англиялык "Манчестер Сити" командасы мадриддик "Атлетико" клубун өз үйүндө кабыл алды. Эки команда тең канчалык аракет кылбасын эсеп санын ача алган жок. Бул эки команданын алгачкы жолугушуусунда "Манчестер Сити" 1:0 эсебинде жеңген. Ал беттештеги жалгыз голду жарым коргоочу Кевин Де Брюйне киргизген.
Эми Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Ливерпуль" "Вильрреал" клубу менен кез келсе, "Манчестер Сити" "Реал Мадрид" менен беттешет.
Жарым финалдык беттештер 26-27-апрель күндөрү өтөт.