Ички иштер министрлиги чек арадан 20 килограммдан ашык баңгизат алып өтүүгө аракет кылган адамдардын кармалган видеосун жарыялады.
Окуя “Кең-Булуң-авто жол” өткөрүү пунктунда 9-апрелде болгон. Анда Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Казакстанга мамлекеттик чек ара аркылуу 23,5 килограмм баңги затын алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан.