Мээнин кеч картаюусу үчүн эмне кылуу керек? Окумуштуулардын жообу

Илимпоздор эки же андан көп тилде эркин сүйлөй билүү (кош тилдүүлүк) адамдын мээсинде куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдү жайлатууга жардам берет деп эсептешет. Бул тууралуу изилдөө "Frontiers in Psychology" психологиялык журналына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Нортумбрия университетинин (Улуу Британия) жана орусиялык окумуштуулар тобу эки тилдүү адамдардын мээси жайыраак карыйт жана улгайган кезде когнитивдик бузулуулар азыраак болот деген тыянакка келишкен.

Изилдөөгө 60 жаштан жогорку 63 адам катышкан. Эксперименттин жүрүшүндө эки тилдүү адамдар көңүл бурууну талап кылган тапшырмаларды бир тилде сүйлөгөн теңтуштарына караганда жакшы аткарышкан. Ошондой эле кошумча тилди билүү деңгээли канчалык жогору болсо жана ошол тилде узак убакыт бою практика кылган болсо ошончолук жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн. Илимпоздор белгилегендей, кош тилдүү адамдар эки тилдик системанын ортосунда тынымсыз алмашып турушат, алар дайыма конфликттик жана тандоо кырдаалдарына туш болушат. Бул өз кезегинде мээнин тынымсыз процессте болушун камсыздайт.

"Кош тилдүүлүк когнитивдик резервди түзүүчү башка факторлордон айырмаланып, биздин жашообузда дайыма болуп тургандыгы менен өзгөчө. Биз спорт менен машыгууну баштап кайра токтотобуз, тигил же бул диетаны кармайбыз, жумушубузду алмаштыра алабыз, бирок тил биз менен дайыма чогуу болот. Баарлашабыз, кино көрөбүз, китеп окуйбуз, ой жүгүртөбүз мындан улам мээдеги тил борбору тынымсыз иштеп турат. Изилдөөнүн жыйынтыгында, адам канчалык көп тилде эркин сүйлөсө, ал улгайган кезде мээдеги курактык өзгөрүүлөргө сейрек дуушар болору аныкталды", - деген окумуштуулардын бири Федерико Галло.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан