Сокулук районунун тургуну “кошунасы жашаган үйдүн чатырын
атайын өрттөп салган” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 27-ноябрда Чүй облустук
ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн
маалыматына ылайык, бир нече күн мурун милиция бөлүмүнө 59 жаштагы Военно-Антоновка
айылынын тургуну кайрылып, түнү үйүндө өрт чыкканын айткан. Эксперттер өрттүн
атайын чыгарылганын аныкташкандан кийин аталган факты боюнча кылмыш иши
козголгон.
Кылмышка шектелип 1978-жылы туулган Сокулук районунун тургуну кармалды.