Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер чек ара чөйрөсүндө ишеним чараларын бекемдөө жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту.
Мындан тышкары министрлер Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун, ошондой эле Бишкекте пландаштырылган «БА-ЕККУ кызматташтыгынын 30 жылдыгы» жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында боло турган тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.
Эки тарап кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.