Чүйдө 52 жаштагы киши дүкөнчүнү бычак менен коркутуп, денесине залал келтиргенге шектелүүдө

Чүйдүн Москва районунда сатуучуну бычак менен коркутуп, денесине залал келтиргенге шектүү кармалды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде Петровка айылынын тургуну милицияга кайрылган. Анда бейтааныш киши аны бычак менен коркутуп жаткандыгын айткан.

"Жерине милиция кызматкерлери барышып, териштирүү учурунда Петровка айылындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз киши кирип, сатуучуну бычак менен коркутуп, денесине залал келтиргени аныкталган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ал эми жогорудагы кылмышка шектелип 1970-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалып, анын жанынан бычак табылды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан