Баткенде 21 жаштагы жаран авиакассадан акча, эки ай өтпөй мал уурдаганга шектелүүдө

Баткенде уурулукка шектелген жаран колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү малды базарга алып барып сатуу аракетин көргөн.

Маалыматка караганда, март айынын башында Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну 3 баш бодо малын уурдатканын айтып милицияга арыз менен кайрылган.
Бул арыз 205-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21 жаштагы Ж.С. аттуу тургунун аныкталган. Ал качуу аракетин көрүп, сатып жаткан жеринен малды таштап өзү изин жашырганга үлгүргөн.
Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен кармалды. Ал январь айында Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан "My Travel KG" авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50 миң сом уурдап кеткендиги белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан