Бир учурда "Кызганамын" аттуу ыры менен кыргыз эстрада жылдызына айланган Мэри Шакулина кайрадан сахнага кайтат. Ал SUPER.KG порталына берген ачык маегинде жеке жашоосунда болуп өткөн окуялар боюнча ооз ачты.
"Балдарыңды ойлоп жаша, душман арттырба деген сөздөр болгон үчүн ачык маек бергенден корком" деген ырчы айым турмушунун бузулганын эстеп көзүнө жаш алды.