
Эртең, 15-апрелде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" аттуу тарыхый даректүү тасманын бет ачар аземи өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 17:00дө мамлекеттик тарых музейинде орун алат.
Тарыхый тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган.
Фильмдин режиссёру - Мырзабек Айдаралиев.
Тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Жусуп Абдрахмановдун ата-теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары чагылдырылган.
Ошондой эле Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн.
Бул тасмада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер өздөрүнүн ой пикирлерин кеңири билдиришет.