Ысык-Көлдө 39 жаштагы жаран кашарда ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн

Ысык-Көл районунда ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алынган курал-жарактарга экспертиза дайындалды.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургун кашарда ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү ресстрине 267-берененин 2-бөлүмү менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Ысык-Көл райондук сотунун токтомунун негизинде милиция кызматкерлери Сары-Камыш айылынын 1983-жылы туулган А.А. аттуу тургунуна тиешелүү кашарга тинтүү жүргүзүп, 1 даана ок атуучу курал, 2 даана кош ооздуу ок атуучу курал, 16 даана 7, 62 калибрлүү ок, 3 даана 5,45 калибрлүү ок, 1 даана 9-мм ок жана 1 даана жардыруучу затка окшош зат, ошондой эле ар кандай жабдыктары (порох, бытыра, капсюль-воспламенитель) табышкан.

Учурда шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, анын кашарынан алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан